Баткен облусу Юнисеф менен бирге аткарчу иш аракеттер планын макулдашты

0
290

Бул тууралуу облустук бийиктин басма сөз катчысы билдирди. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-апрелде Юнисеф менен Баткен облусунун кызматташтыгынын алкагында 2025-жылга  чейинки кызматташуу  планы  талкууланды. 

Тараптар  макулдашылган пландарга ылайык, 2025-жылга чейинки аралыкта,  кызамык оорусунун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.  Мындан улам эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери активдешет. 

Бул багытта  186  саламаттыкты сактоо  кызматкерлер окутуудан өтөт, 5  мобилдик топ  түзүлүп иш алып барылат. 

Ал эми билим берүү тармагы  боюнча,  2024-жылдын июнь айына чейин 1750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтүп, иш алып барат. 

Белгилей кетсек, Юнисеф уюму Баткен облусунун аймагында балдардын коопсуздугу, билим берүү, туура тамактануу боюнча иш алып барып келет. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь