Облустук бийликтен билдиришкендей, Президенттин Баткендеги өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеши, облус аймагында ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Жолугушуулар ишкердикти өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда конструктивдүү диалог түзүү жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табуу максатында уюштурулду.
Иш чарада ишкерлер суроолорун берип, кеп кеңештерин алышты. Ал эми эксперт Эльвира Боромбаева ишкерлерге мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.