Баткен шаарынын тургуну изделип жаткан 15 жаштагы кыз Самаркандектин Жаны-Бак айылынан табылды. Бул тууралуу Баткен шаардык милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан 15 жаштагы кыз, баткен шаардык ички иштер кызматкерлери тарабынан кечээ кечинде Самаркандектин Жаны-Бак айылынан табылды.
Эске салсак, Баткен шаарынын Базар башы кварталынын тургуну Абдыкалыкова Алтынай 21-майда болжол менен саат 07:50 чамасында мектепке кеттим деген бойдон дайынсыз жоголгон.
Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат