Баткенде алты айда 16 миңден ашуун турист келди

0
438

Облустук бийлик, үстүбүздөгү жылдын алты айында Баткен облусуна  келген чет элдик жана жергиликтүү туристтердин  саны жалпы 16 миң 654 түзгөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, туристтерди уникалдуу, түркүн түстүү Мадыген геопаркы, анын аймагындагы Кан-И-Гут үңкүрү, байыркы от казандар, деңиз калдыктары өзүнө тартууда. Ошондой эле Дугаба альпинисттик базасы, “Пирамидальный”, “Асан-Үсөн” чокулары альпинисттердин кызыгуусун арттырууда.

Учурда туристтерди кабыл алып кеңеш берүүчү борбор жана байкоо аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары бул жылы 22-май күнү Кызыл-Кыя шаарында Туризм департаменти менен биргеликте Баткен облусунда үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан «IBTE», фестивалы “Көчмөндөрдүн тамак ашы”,  «Айгүл», «Баткен күрүчү», «Килем» көргөзмө фестивалдары  өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь